7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан малды экспорттоо убактылуу токтотулду

465

Кыргызстан ийри мүйүздүү жана жандык малды, жылкыны экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Чектөө электрондук системада малдын идентификациясын иретке келтирүүгө байланыштуу киргизилип жатат.

Үчүнчү өлкөлөргө (ЕАЭБге мүчө эмес) ири мүйүздүү мал, майда жандык жана жылкы экспортоого уруксат берүү убактылуу токтотулду. Бул чара малдын так эсебин аныктоо, ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышын күчөтүүгө багытталган. Мындай кадам ички рынокто жана эл аралык өнөктөштөргө көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Инвентаризация 15-20 күнгө созулуп, ушул мезгилде берилген арыздар инвентаризация бүткөн соң артыкчылыктуу тартипте каралары кошумчаланды.

466