Эртең, 2-октябрда, Норвегияда спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Осло шаарында өтө турган мелдешке Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан күч сынашат.
Белгилей кетсек, биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча мелдештер өтөт.
Курама команда төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
Эркин күрөш:
1. Улукбек Жолдошбеков — 61 кг;
2. Алибек Осмонов — 65 кг;
3. Эрназар Акматалиев — 70 кг;
4. Арсалан Будажапов — 79 кг;
Кыз-келиндер күрөшү:
1. Айсулуу Тыныбекова — 62 кг;
2. Мээрим Жуманазарова — 68 кг;
3. Айпери Медет кызы — 76 кг;
Грек-рим күрөшү:
1. Сардарбек Конушбаев — 55 кг;
2. Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
3. Калы Сулайманов — 63 кг;
4. Марлен Асикеев — 67 кг;
5. Руслан Царёв — 72 кг;
6. Кайратбек Түгөлбаев — 77 кг;
7. Калидин Асыкеев — 82 кг;
8. Бексултан Махмудов — 97 кг.