«Жибек Жолунун бермети» эл аралык кинофестивалында атайын сыйлык КРнын Эл артисти Айтурган Темировага ыйгарылды. Бул тууралуу Гүлбара Төлөмүшова фейсбук баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, сыйлык дүйнөлүк кинонун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн берилген.
Айтурган Темировадан тышкары Радж Капур (Индия), Никита Михалков (Россия), Сайрам Исаева (Тажикстан) жана Нури Билге Жейлам (Түркия) сыйланышты. Радж Капурдун сыйлыгын уулу алган.
Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Эл артисти кинорежиссер Тимур Бекмамбетов тапшырды.
Ташкенттин эл аралык кинофестивалы Азия, Африка жана Латын Америкасынын эл аралык кинофестивалы катары да белгилүү болгон, СССР учурунда да (1968 -жылдан 1988 -жылга чейин), ошондой эле Өзбекстан эгемендик алган жылдары (1992 -жылы жана 1997 -жылы) өткөрүлгөн. Фестиваль 28-сентябрдан 3-октябрга чейин болот.