7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык 2 жөө күлүк Париж Олимпиадасына жолдомо алды

554

Кыргызстандык жөө күлүктөр Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Алардын ысымдары Париж Олимпиадасында марафонго катыша турган спортчулардын тизмесине кирди. Бул тууралуу Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму жарыялады.

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиргендей, эми эки жөө күлүктүн лицензия алгандыгы тууралуу тастыктама Кыргызстандын улуттук олимпиадалык комитетинен келип түшүүсү керек.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Илья Тяпкин менен Сардана олимпиадалык нормативди аткара алышкан эмес. Бирок, Universality Places системасы боюнча квота алышты. Белгиленген талаптарга ылайык, өлкөнүн норматив аткарбаган жөө күлүктөрү болсо, Олимпиада оюндарында 3 дистанцияда: 100 метрге, 800 метрге же марафонго чуркоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Тяпкин карьерасында Олимпиада оюндарына экинчи жолу катышмай болду. Ал буга чейин Рио-де-Жанейродогу марафондо чуркаган. Ал эми Трофимова Олимпиадага алгачкы ирет катышат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда жалпысынан 13 олимпиадалык лицензия бар. Анын ону күрөш боюнча, экөө жеңил атлетика жана бирөө сууда сүзүү боюнча берилген.

 

555