7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Катардан келген хирургдар угуусу начар балдарга акысыз операция жасап жатат

642

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 10-майда Катар мамлекетинен хирургдар тобу келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, катарлык дарыгерлер 18-майга чейин угуусу начар балдарга акысыз операция жасашат. 11-майга карата 8 балага операция жасалган.

Буга чейин кол коюлган меморандумга ылайык, Катар өкмөтү Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл каржылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасы менен камсыз кылуу, хирургиялык операциялар, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан бир хирургду жана жардамчы медициналык кызматкерди окутууну өз мойнуна алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын реабилитациясы менен байланышкан чыгымдарды камтыйт.

 

643