Казакстандан Кыргызстанга жүк ташуучу транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Тактап айтканда, Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн 7 жыл мурда өндүрүлгөн жүк ташуучу унааларды импорттоодо ДСУнун бажы алымдарынан нарктын 10% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн бааны колдонот, ал эми ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык, импорттук бажы алымынын суммасы 1 куб см үчүн 1 еврону түзөт.
Мындай жагдайдан пайдаланып, жеке адамдар Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, биримдиктин товары болбогон жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын каттоо жана алгачкы каттоого алуу боюнча аталган агенттикте мыйзамсыз коррупциялык схеманы уюштурушкан.
Учурда УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы башкы башкармалыгы тарабынан 3000ден ашык мындай өндүрүлгөнүнө 7 жылдан ашкан жүк ташуучу унаалар катталгандыгы аныкталды. Бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1 000 000 сомдон 1 500 000 сомду түзөт.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар 5 адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.