7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык аскерлер Москва жана Минсктеги парадга катышат

241

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын параддык эсеби Россия жана Беларуста Совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга катышат.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу бүгүн аскерлер Россиянын Коргоо министрлигинин «Кант» авиациялык базасы аркылуу Москва жана Минск шаарларына жөнөп кетишти.

«Бул ардактуу милдет, алардын саптык даярдык деңгээлин эске алуу менен Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына, тактап айтканда Ардак кароол ротасына жүктөлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул гвардиячылардын Кыргызстандан тышкары катышкан биринчи парады эмес. Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы Пекиндеги, Москвадагы жана Минсктеги аскердик параддарга катышып, парад көрүүчүлөрүн суктандырып, параддын командачыларынан мыкты бааларды жана жоопторду алып, ар дайым мыкты саптык даярдык жана түздөнүү жактарынан өзгөчөлөнүп келген.

242