7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын аймагы аркылуу мыйзамсыз товар ташыган каналдын ишине бөгөт коюлду

672

Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстандын аймагы аркылуу жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы почта ишканаларынын биринин дарегине Кытайдан келген Өзбекстндын алкоголдук продукциясына жасалма акциздик маркалары аныктады.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагына контрабанда менен алектенген топтун бардык байланыштарын аныктоо максатында Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Мамлекеттик бажы комитетинин биргелешкен аракеттери менен иш-чаралар жүргүзүлүп, ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында бир катар жарандар кармалган.

Бул иш-чаралар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы этабын көрсөтүп, достук жана жакшы коңшулук мамилелерди сактоого багытталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

673