7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерге 50 автобус берилет

473

Бүгүн Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлөт. Иш-чара саат 17:00дө болот.

Министрлер кабинети менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге кол коюу аземи пландаштырылган.

Анын алкагында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун өткөрүп берет.

Муну менен алыскы райондордогу балдар мектепке ыңгайлуу шартта жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

474