7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын чемпион кыздары Польшадагы эл аралык мелдешке даярдана баштады

802

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 8-14-июнь күндөрү Варшава шаарында өтө турган «Poland Open» рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчулар мелдешке мыкты даярдануу максатында 22-майдан 7-июнга чейин Таллин шаарында өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама бул мелдешке төмөнкү курамда катышат:

1. Айсулуу Тыныбекова, ЭДСЧ, 62 кг;
2. Айпери Медет кызы, ЭДСЧ, 76 кг;
3. Мээрим Жуманазарова, ЭДСЧ, 68 кг;
4. Нураида Анаркулова, СЧ, 59 кг;
5. Назира Марсбек кызы, СЧ, 59 кг;
6. Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу;
7. Бактыгуль Алишева, догдур;
8. Константин Еремич, массажист.

Эскерте кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлөт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

803