7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөтүүдө

203

2025-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн көлөмү 865,2 млрд сомду түзүп, 11,5 %га көбөйдү. Кыргызстан ИДӨнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында биринчи орунда турат:

• Казакстан – 6,3 % (7 ай);
• Армения – 6,3 % (6 ай);
• Беларусь – 2,1 % (6 ай);
• Россия – 1,2 % (6 ай).

Өсүш экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыздалды. Мисалы, өнөр жайда өсүү 11,4 %ды түздү. Курулуш сектору 37,8 %га, тейлөө чөйрөсү – 9,8 %га, айыл чарбасы – 2,3 %га өстү. Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи жогору болууда. 7 айдын жыйынтыгы боюнча алардын көлөмү 141,9 млрд сомду түзүп, 33,4 %га көбөйдү.

Бул көрсөткүч мурунку жылдык деңгээлдерден ашып кетти: 2021-жылы – 122,8 млрд сом, 2022-жылы – 139,4 млрд сом.

Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү ички каржылоо булактарынын 52,2 %га көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды, бул улуттук каржылоо базасынын бекемделишинен кабар берет. Сиздерге белгилүү болгондой, социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын турукташтыруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-августунан тартып 90 календардык күнгө эттин (уй эти жана кой эти) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны ооздуктоо максатында үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Улуттук банк эсептик ченди 9,0 %дан 9,25%га чейин көтөрдү.

204