7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасына желек тапшыруу аземи өттү

682

10-16-март күндөрү Кыргызстанда экинчи жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Ага карата, 9-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргызстандын Хоккей боюнча курама командасын кабыл алып, команданын капитаны Кузьма Терентьевге мамлекеттик желекти тапшырды.

Алтынбек Максутов 10-16 март күндөрү өтө турган иш-чара хоккейчилер жана хоккей сүйүүчүлөр үчүн чоң майрам экенин белгилеп, оюнчуларга ийгилик жана жеңиш каалап, жакынкы келечекте жогорку лигада ойногон мамлекеттердин катарын толуктап, кыргыз хоккейнин тарыхын жаңылайсыздар -деген ишенимин билдирди.

Белгилесек, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы III дивизиондун «А» тайпасында ойношот, бул II дивизиондун «В» тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан, Мексика, Түркмөнстан, Түштүк Африка Республикасы, Таиланд жана Люксембургдун командалары беттеше турган турнир “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчада болот.

 

683