7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын спортчулары 31 медаль утту. V Ислам шериктештиги оюндары аяктады

972

V Ислам шериктештиги оюндары аяктады.  Жабылуу аземи Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу жана Ислам шериктештиги спорт федерациясынын (ISSF) президенти, Сауд Аравиянын спорт министри Принц Абдулазиз бин Турки эл-Фейсалдын катышуусунда өттү.

 Жабылуу салтанатында Кыргызстандын желегин кикбокс боюнча Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси Адилет Улан уулу көтөрүп чыкты.

Белгилей кетсек, 5-август күнү башталган Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты. Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту. Анын 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль. Салттуу жаа атуу спорту улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.
Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

973