7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын жараны 70 жыл Россияга кире албайт

944

Соттун чечими менен 1993-жылы туулган кыргызстандык жаранга Россия Федерациясына 70 жылга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Sakhalin Media маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда окуя 2022-жылы болгон. Айыпталып жаткан адам мамлекеттик жашыруун сырларды билүү максатында чек арачыга пара берүүгө аракет кылган. Ал сырларды деңиздеги биологиялык ресурстарды мыйзамсыз казып алууну көздөгөн браконьерлерге сатмакчы болгон.

Чек арачы бул адам тууралуу Орусия федералдык коопсуздук кызматына кабарлап, алар 30 жаштагы кыргызстандык жаранды кармашкан.

Сахалин облусттук соту Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (мамлекеттик жашыруун сырларды мыйзамсыз алууга аракет жасоо) менен иш козгогон.

Түштүк Сахалин шаардык соту алгач айыпталуучуга 50 миң рубль айып салуу, 70 жыл Россияга киргизбөө өкүмүн чыгарган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

945