7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын Журналисттер бирикмеси жаңы кеңсесин ачты (ФОТО)

404

Бүгүн, 2024-жылдын 29-ноябрында, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Журналисттер бирикмесинин жаңы кеңсеси ачылды. Иш-чарага чогулган журналисттер жана кесиптин ардагерлери кыргыз журналистикасынын учурдагы абалы, өткөнү жана келечеги, маалымат каражаттары менен алардын кызматкерлери кептелген маселелер жана аларды чечүү жолдорун талкуулады.

Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Журналисттер бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташев, бирикменин мурдагы төрагасы Абдыкадыр Султанбаев, УТРКнын баш директору Болотбек Тиллебаев, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков, бирикменин жер-жерлердеги өкүлдөрү, ардагер журналисттер Курманбек Раматов, Эсенбай Нурушев, Мелис Айдаркулов, Нышанбек Кочкоров, Кабыл Макешов жана башкалар катышты.

Мамлекеттик катчы Касмамбетов Журналисттер бирикмесине жаңы кошулгандарга мүчөлүк күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшырды, Балташев болсо – аянты 100 чарчы метрден ашкан жаңы кеңсе министрлер кабинетинин жардамы менен алынганын белгилеп, бийликке ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, жакын арада Мамлекеттик ипотекалык компания курулуп жаткан үйлөрүнөн муктаж журналисттерге 50 батир бөлүп бере турганын кошумчалады – алар Журналисттер бирикмесинин мүчөсү болушу шарт.

Журналисттер бирикмесинин жаңы кеңсесинин дареги: Бишкек шаары, Мукай Элебаев көчөсү, 14/1. Төрөбай Кулатов көчөсүнүн кесилишинде.

 

405