Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейинки мезгилде шекерди кошумча нарк салыгысыз ташып келүү түрүндө тарифтик жеңилдик берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Ага ылайык Кыргызстанга- 40 миң тонна, Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга- 134,4 миң тоннадан ашык эмес көлөмдө кум шекер ташылып келет.
Ошондой эле Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин ички базарларына кантты тез жеткирүү менен камсыз кылуу үчүн кызыктар керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурат.