7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» кыймылынын мүчөлөрү баңгизат менен кармалды

1212

Сокулук районундагы үйлөрдүн биринен «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери жана 10 мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-май күнү ИИМдин тийиштүү кызматтары саат 23:30дар чамасында баңгизат сатууга жана уюштурууга катыштыгы бар деген шек менен Новопавловка айылындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзгөн.

Натыйжада аталган кыймылдын лидери делген 51 жаштагы И.Д. кармалып, кийип жүргөн спорттук күрмөсүнөн 2,5 грамм кара куурай табылган. Аны менен кошо үйдүн ичинде кыймылдын 10 жигердүү мүчөсү отурган. Алардын кичүүсү 28, улуусу 57 жашта экени айтылды.

Белгилей кетсек, күбөлөндүрүү учурунда 10 жаран баңгизатка мас абалында болушканы аныкталган. Үчөө Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Калганы тергөө иш-аракеттеринен кийин келүү милдеттенмеси менен бошотулган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1213