7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кытай Элчилиги фондго 9 млрд. которду” деген маалымат жалган

666

“Эне – балага тирек” коомдук фонду ишмердүүлүгүнө байланыштуу айрым ЖМКларда тараган маалыматтарга карата төмөнкүлөрдү билдирет.

«Аталган фондго бул маалыматтарда белгиленгендей Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги 9 млрд сом которгон деген маалымат туура эмес. Кытай элчилиги фонд менен биргеликте Баткен облусундагы социалдык долбоорлор, кондитердик жана тигүү цехин ачуу, мектептер үчүн заманбап интерактивдүү такталарды сатып алууга 9 112 267 сомдук жардам көрсөткөн.Ал эми Чакмак Мемет аттуу жаран тарабынан 563 610 сом, “Ас-Сафа” фонду майыптар үчүн 1 315 250 сомдук материалдык жардам, тактап айтканда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн коляскаларды берген. Андыктан, айрым маалымат ресурстарында тарап жаткан милларддык акча каражаттары тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын маалымдайбыз. Иликтөө даярдагандар экинчи тараптын пикирин эске алып, тактоо кылган эмес. Биз, кызыккан массалык маалымат каражаттарына бул цифралар тууралуу маалыматты көрсөтүп, түшүндүрмө бергенде даярбыз»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667