Бүгүн, 15-март Кытайдын Пекин шаарын таң заардан кумдуу бороон каптады. Аралык 1 километрден ары көрүнбөгөндүктөн, Кытай бийлиги коопсуздук денгээлин сары деп жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлайт.
Бороондун айынан Пекиндин эл аралык “Дасин” аэропорту ондогон каттамдарын кайтарууга мажбур болгон.
Аймактык метеорологдордун маалыматына ылайык, бороон катуу шамалдан улам Монголия тараптан ооп, кечке маал Түштүк Корея тарапка багыт алган.
Адистер, сары кум дагы бир нече күн абада кармалып турушу мүмкүндүгүн эскертет.
Эскерте кетсек, аталган сару кумдуу бороондон улам Монголияда 6 адам каза болуп, 81 адам дайынсыз болууда.