Акча каражаттарын чыгарып кетүү фактысы боюнча Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич изделүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма соз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызской Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекеттен мыйзамсыз 59,5 млрд сом. акча каражаттарын чыгарып кетүүгө катышкандыгы бар, Кыргыз Республикасынын жараны 1973-ж.т Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич изделүүдө.
Издөөдө жүргөн Б.С.Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат болгон болсо, КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефондору 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, ошондой эле 0555-55-30-46 мобилдик телефону аркылуу кабарлап коюуунуздарды суранып кетебиз.
Анонимдүүлүккө кепилдик берилет!