7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси дайындалды

434

Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпиндин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Асеин Исаев кытай элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады, ошондой эле кыргыз-кытай баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөө максатында биргелешкен жигердүү иштерге ишенимин билдирди.

Лю Цзянпин колдоо жана жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү, эки өлкө лидерлеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле кытай-кыргыз достугун жана ынак коңшулук мамилелерин бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу боюнча милдеттерди аныкташты жана жакынкы келечекке пландарды белгилешти.

Мындан тышкары, саясий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

435