7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыздар дароо эле күйөөгө тийип кетишет». Депутат медреселерди текшерүүнү талап кылды

614

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова кыздар окуган медреселерди текшерүүнү талап кылды.

Ашимова Дин комиссиясы медреселерде кандай программа менен ким окутуп жатканын жакшы карабай жатканын айтып, көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

«Республикада 109дан ашуун медресе бар. Алардын жарымынан көбү кыздар менен аялдардын медресеси. Айтайын дегеним, көп кыздар экстремисттик агымдарга кирип кетип, кооптуу тенденция жаралууда. Кандай сабактар өтүлүп жатат, кандай мугалимдер берип жатат. Анан медресени бүткөндөн кийин эле күйөөгө тийип кетип, ажырашуулар көп болуп жатат. Зордук-зомбулук өсүүдө, мага күнүнө жардам бериңиз деп 100-150 кайрылуу келет», — деди ал.

615