7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызсайкал Кабылова: «Бекжан Темирханга сен чалбасаң, кырсык болмок эмес дешти. Тик жер экен…»

7003

«Эзилип бүттүм» ыры менен көпчүлүккө таанылган ырчы Бекжан Темирхан 10-ноябрь күнү жол кырсыгынан каза болгон. Жол кырсыгына күбө болгон маркумдун  кесиптеши ырчы Кызсайкал Кабылова окуя боюнча эскерди.

«Эл эки жаатка бөлүнүп ар ким ар кандай сүйлөп маалыматтар тарап жатты. Сен чалбасаң, мындай болмок эмес дешти бирок, менин телефонум менен сүйлөшкөн эмесмин. Менин жанымда актер Болсун жана жардамчым Даниель бар болчу. Мен жар-жар менен киргизмекмин, киргиздим. Андан соң, Калыс Жакыпов ырдап бүттү. Анан Бекжан Темирхан ырдамак. Ал жолдо келе жаткан. Баарынын гонарары Болсунда болчу, тойду ал сүйлөшкөн. Ошол жерден экөөбүзгө бөлүп берди. Бекжанга «азыр аласыңбы же шаарданбы?»,- десе, «азыр май куюп алайын»,- деди. Макул деп жолугабыз дегенден 10 мүнөттөн кийинТалгар чалып, кырсык болгонун айтты. Мен тамаша деп ишенген эмесмин. Биз чыгармачылыкта катуу тамашалаша бергендиктен тамаша деп кабыл алдык. Мен Барганда Бекжан табылыптыр. Тик жер экен. Мага эч ким эч нерсе айткан жок. Акыркыга чейин «мен жакшымын деп айтат»,-деп күттүм. Дарыгерлер «кайрат кылгыла» дешти. Биринчи мен уктум ошол мага аябай оор тийди. Адамдын өмүрүн 5 мүнөт эле чечип коет экен. Негизи Бекжан шашма эле…», — деди Кызсайкал Кабылова. 

(Бул маекти жакындары, кесиптештери «Супер тв» каналына берген)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7004