7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл китепке кирген өзгөчө көздүү Салима

444

Белгилүү сүрөтчү Иван Рясков «40 аял» аттуу социалдык-долбоорунун алкагында жаңы эмгегин сунуштады. Анда ак илбирстин жүнүн элестеткен кийим кийген кыздын образы тартылганын көрүүгө болот.


Автордун айтымында, бул чыгарма жөн гана искусство эмес — балдардын коопсуздугу, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жандар жана энелик мээрим тууралуу терең ойду камтыйт.

Сүрөт коомчулукта чоң кызыгуу жаратты. Андагы модель кыздын аты Салима. Ал кулагы укпаган үй-бүлөдө төрөлгөн. Алты айлык кезинде аны таежеси өз камкордугуна алып, узак аракеттердин натыйжасында, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен Катар фондунун жардамы аркылуу кохлеардык имплант коюлган. Азыр Салима угуп, сүйлөй алат.

Иван Рясков бул идея Кыргызстандагы кыз балдардын коопсуздугуна байланыштуу окуялардан шыктануу менен жаралганын белгиледи.

«Бул сүрөттө мен кызды ак илбирстин баласына окшоштурдум — сейрек, назик жана коргоого муктаж. Ал эми анын энеси — кыздын тагдырын өзгөрткөн баатыр аял», — дейт ал.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

445