Кыргызстандын жети миллионунчу болуп төрөлгөн ымыркайдын ата-энесин Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков куттуктап, шаардык төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэр өлкөнүн 7 миллионунчу жашоочусу болуп төрөлгөн Жакшылыктын ата-энесине каалоо-тилектерип айтып, белектерди тапшырган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети жашоочусу миллионунчусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда төрөлгөн. 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.