Кызыл Омполго мурда каршы болгом, мамлекет каза турган болсо макулмун. Бул туурасында жергиликтүү тургун Мирлан Сатаров билдирди.
Ал Кызыл Омпол кенинин казылышына мурда каршы болгонун, эми мамлекет иштете турган болсо макул экендигин айткан.
“Дүйнө жүзүндө уран казып сатып, кирешесин мамлекеттеринин өнүгүүсүнө пайдаланып жаткан өлкөлөр жетиштүү экени баарыбызга маалым эле.
Мен жеке өзүм урандын жеке тараптан казылышына каршы болгом жана азыр дагы каршымын. Мамлекет каза турган болсо, жоопкерчилик дагы, натыйжа да болот деген ой менен макулмун.
Кен байлыктар элге иштесе эч жамандык, тобокелчилик деле көргөнүм жок.
Мен мисалы Ысык Көлдө турам, кендин иштелишин сөз менен эмес көз менен, талкууларга катышып иш менен көзөмөлдөп турганга жарайбыз, жана ага бийлик дагы макул болгону мени ынандырып турат.
Эми сиздерге урандын кайсыл мамлекеттерде иштелип, жана кандай пайда берип жатканын камтыган цифраларды көрсөтөйүн.
Эмне ошол эле Канада, Австралия, Франция, Америка, кошунабыз Казахстан иштетип жатканда биз иштете албайт бекенбиз?
Кумтөр дүйнөдө эң ири алтын кени, аны да иштете албайбыз деп канча кайчы пикир болду эле азыр натыйжасын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз го?!
Мен эмнеге каршы элем, эмнеге макул болдум деген суроого жообум ушу”,-деп жазган.