7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча расмий жооп

431

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча комментарий берди.

«Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктайбыз. Эске сала кетсек, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен «кыздын колун суроо» иш-чарасынан кийин белгилүү болгон. Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 5-июлда президенттин карындашы Лаззат Нуркожоеванын колун сураган Афтандил Сабырбеков баңгизат тараткан жана жасаган деген шек менен кармалганын маалымат булактары жазып чыккан.

 

432