7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта эки күрөш залы ачылды

261

Сузак районуна караштуу Багыш жана Көк-Арт айыл өкмөттөрүндө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Мекенин коргоп курман болгон жоокерлер Нурислам Карыбеков жана Даниэлбек Малашовтордун жаркын элесине арналган эки күрөш залынын ачылыш аземи өттү.

Күрөш залдарынын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары, курман болгон Мекен сакчыларынын жакындары катышты.

Нурислам Карыбеков Сузак районундагы Октябрь айлынында туулган. Баткен облусунун Лейлек районунда «Бөрү» отрядында кызмат өтөгөн. Даниэл Малашов Сузак районунун Кара-Чолок айылында туулган. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон.

Ташиев өз сөзүндө Мекендин чегинен каршы жылбай, жанын аябай коргоп курман болгон аскерлер, жоокрелер эч качан унутулбай турганын белгиледи.

«Алардын аттары Кыргызстан тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Бул маркум жоокерлерибизди тарбиялап, өстүргөн ата-энелерине башымды ийип таазим кыламын. Жакындары, айылдаштары, бүткүл Кыргызстан эли мындай патриот уулдары менен сыймыктанат», — деди ал.

Ошондой эле, Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасында курман болгон аскерлер үчүн атайын эстелик тургузулаарын кошумчалады. Ал эми, жаңы ачылган спорткомплекстерде заманбап шарттар камтылган. Машыгуу үчүн керектүү бардык шаймандары бар.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта, Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза болгон. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 турган жараат алган.

 

262