Шаршембиде өлкөнүн тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 30…35, Талас, Ысык-Көл аймактарында 23…28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 31…36, Нарын өрөөнүндө 21…26 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 32…34 градусту көрсөтсө, Ош калаасында 34…36, Чолпон-Атада 26…28 градуска жетет.