7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлек: Эки элдин ортосундагы чыңалуу жөнгө салынууда

885

Лейлекте абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги полковник Кыял Төлөнбаев, Тажик Республикасынын Согди ОИИБнын начальниги Абдулло Навджувонов, чек ара кызматынын Согди облусу боюнча башкармалыгынын начальниги генерал-майор Хикматулло Пираковтор чек ара тилкесинде жолугуп, эки элдин ички коопсуздугу боюнча бир катар иштерди жүргүзүүдө.

Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагына караштуу Максат айылынын, Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарындагы жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында кыргыз-тажик өлкөсүнүн ортосундагы Канибадам авто жолунун боюнда күнү-түнү кайгуул күзөттөр уюштурулуп, милиция кызматкерлери элдерге түшүндүрүү иштерин алып барууда.

Ошондой эле эки тарап тең кошумча күч каражаттарын туруктуу жайгашкан жерлерине алып чыгуу боюнча көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүдө.

Азыркы убакта бул аймакта абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

886