7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлектеги Миң-Жыгач айылында 225 орундуу мектептин куруу иштери уланууда

315

Лейлек районунун Миң-Жыгач айылында жайгашкан Жаш-Тилек атындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, тендердик баасы 118 млн сомду түзөт.

Курулуп жаткан эки кабаттуу мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Анда негизги класстардан тышкары лаборатория, дарыгердин кабинети, окуу залы жана спорт зал каралган. Объекттин жалпы аянты 1656 чарчы метрди түзөт.

Учурда курулуш иштери 60 пайызга бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, эски мектеп 1974-жылы курулган.

316