Лейлекте 8 тонна күйүүчү май мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 24-мартында Лейлек районунун «Коргончо» чек ара бөлүгүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды (болжол менен дизелдик күйүүчү май) алып өтүүгө аракет жасоо учурунда, жасалма мамлекеттик номур менен коңшу республикалардын биринде каттаган эки «Хюндай-Старекс» автоунаасы кармалган.
Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга контейнерлер үчүн автоунаалардын кузовдорун атайын жасалгалагандыгы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн.
Учурда фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.