Баткенде мектептердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы «Сары-Дөбө» орто мектебинде өрт чыгып, жалпы аянты 270 чарчы метрге жеткен өрт таңкы саат 05:30да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен мектептин 2 каанасы, коридор, чатыры жана 2 класстык каананын айрым жерлери (частично) күйгөн.
Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгым такталууда. Жабыркагандар жок.