Жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасын аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-мартта Баткен-Раззаков унаа жолунда Лейлек районунун 1984-жылы туулган Н.Б.Н. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.
Текшерүү учурунда унаадан аммиак селитрасы табылган. Айдоочунун жанында тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Унаа жана кармалган жүк “Орто Боз” чек ара заставасынын аймагына жайгаштырылган.
Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.