7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ленин райондук сотунун судьясы 22 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

318

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Ал ортомчу болгон М.С.А. аттуу адвокат аркылуу каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн пара түрүндө 22000 АКШ доллары суммасында акча каражатын алган.

Мындан улам, Башкы прокурору тарабынан Ленин райондук сотунун судьясы жана адвокатына карата «Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу» беренесинде каралган негиздер боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн мойнуна алышкан.

13-февралда Судьялар кеңешинин, ошондой эле Биринчи Май райондук соту тарабынан Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.ны УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылган.

Учурда жогорудагы фактыларды документтештирүүгө, ошондой эле судьянын жана башка адамдардын ушундай эле кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам – тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

319