Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги таңкы рейдке чыгып, бул жолу Р.Абдыкадыров, Пахта-Абад, И. Саидов, Волгоград, Чкалов, Партсъезд, Өскөналиев көчөлөрүн кыдырды.
Анын жүрүшүндө шаар башчысы жеринде кызыл сызыктан чыгып кеткен, мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды, тосмолорду тез арада алып салуу, тротуарларды бошотуу жана жашыл аянтчаларды жаңылоо боюнча тапшырмаларын койду.
Мэр ошондой эле ирригациялык тармактардын абалын көрүп чыгып, эл жыш жайгашкан аймактарда жашыл аймактарды түзүү менен бирге, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайларды, айрым жерлерде спорт аянтчаларын куруу маселесин карап чыгууну тапшырды.