7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

226

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. 

Сунушталган долбоорго ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир эле шайлоо округунда жарышка катыша алат. Тиешелүү аймактык шайлоо округунан эң көп сандагы добуш алган үч талапкер жеңүүчү катары таанылат.

Талапкерлер бирдей добуш алган учурда документтердин толук топтомун датасы жана убактысы боюнча эрте берген талапкер жеңди деп эсептелет. Документке ылайык аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүнөт. Аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп добушун алган аял шайланды деп таанылат. Добуштары бирдей болуп калган учурда катоо үчүн документтердин толук топтомун эрте берген талапкер жеңүүчү болот.

Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет.

“Жогорку Кеңешти партиялык тизме боюнча түзүүгө өтүү менен депутаттардын шайлоочулардан акырындап алыстап кетүүлөрү байкала баштады. Бүгүнкү күндө шайлоочулардын басымдуу бөлүгү депутаттарды негизинен сыналгыдан гана көрүп жатканына нааразы. Сунушталган конституциялык долбоор партиялык тизме боюнча шайлоонун пропорционалдык тутумундагы кемчиликтерди оңдоого багытталган”, — деп берилет долбоордун негиздемесинде.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизмеде пропорционалдык тутум менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланган.

227