7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лионель Месси «Алтын топту» сегизинчи ирет алды

688

France Football журналынын тандоосу менен «Интер Майами» клубунун чабуулчусу Лионель Месси дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна берилген «Алтын топ» сыйлыгын сегизинчи жолу жеңип алды.

Сыйлыкты тапшыруу салтанаты Париждеги Шателет театрында өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алдыңкы үчтүккө Килиан Мбаппе жана Эрлинг Холанд кирген.

Аргентиналык футболчу 2023-жылдын августунан бери америкалык «Интер Майами» клубунда ойнойт.

Месси эң көп «Алтын топ» сыйлыгын алуу боюнча рекорддун ээси бойдон калды. Ал эми Сауд Аравиянын «Аль-Наср» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду сыйлыкты беш жолу жеңип алган.

Эскерте кетсек, «Алтын топ» 1956-жылдан бери ыйгарылып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689