7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лицейде агайы тарабынан сабалган окуучу боюнча министрлик үн катты

694

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде орун алган окуяга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлүп, жеринде анализге алуу үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Учурда бул окуя Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан териштирүүгө алынып, Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейде балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурап, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалим иштен бошотулгандыгын билдирди. Ал эми директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат», — деп кошумчалашты министрликтен.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда «Сапат» кыргыз-түрк лицейинин окуучусун ур-токмокко алган учурундагы видео тараган. Аталган факты Кызыл-Кыя шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

695