7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылуу кийиниңиз! Өлкө аймагында кар жаайт

466

Кыргызстандын аймагында 13-октябрдан 15-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5… 10°;
  • Талас облусунда 1… 6°, айрым жерлерде -1…-3°, күндүз 4…9°;
  • Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде-1..-3°;
  • Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2… 7°, күндүз 11…16°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-20, күндүз 5… 10°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6°;
  • Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз — 1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467