7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө боюнча эки күндө 175 мас айдоочу кармалды

277

Кыргызстанда эки күндө 175 мас айдоочу кармалды. Бугүн түнү да жолдогу унаалар токтотулуп текшерилет. Бул тууралу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатында Республиканын аймагында “Рулда” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп, 21-22-февраль күндөрү жол эрежелерин одоно бузган 7327 айдоочулар аныкталды.

Алардын ичинен;

-мас абалында унаа башкарган 175 айдоочу;

-тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 253 айдоочу;

-ылдамдыкты ашырып айдаган 1229 айдоочу;

-терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан (тонировка) 54 айдоочу.

Жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 1073 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

Бул рейдтик иш-чара бүгүн да түнү күчөтүлгөн тартипте улантылып, жолдо жүргөн баардык авто унаалар токтотулуп текшерилет.

Айрыкча спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандарга, элдин тынч уйкусун бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, жол кырсыгына себепкер болуп, автожарыш жана автоээнбаштык жасаган айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоопкерчилиги катуу тартуу каралат.

Урматтуу жарандар эгерде көчөлөрдөн мына ушунда жол эреже бузуу фактыларын көрсөңүз 0777 102-102 ЖКККББнын ишеним ватсап номуруна жөнөтүп койсоңуз болот. Биз тараптан тийиштүү чаралар көрүлөт.

 

278