7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 300дөн ашык спорттук федерация иш алып барат, анын 77си гана катталган

592
Бүгүн, 3-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору спорт жаатында иш алып барган юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоону жөнгө салууга багытталган. Жыйында айтылгандай, Кыргызстанда 300дөн ашуун спорттук федерация иш алып барат. Алардын 77си гана бирдиктүү реестрде катталган.

Талкуу маалында депутат депутат Умбеталы Кыдыралиев олимпиада оюндарына карата кыргызстандык спортчулардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулушу шарт экенин билдирди.

Эскерте кетсек, быйылкы олимпиада оюндарына 6 лицензия алынган.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

593