7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда

294

Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал ошондой эле бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көлөмү дагы жылдын жылга өсүп жатканын кошумчалады.

«Мындан 5 жыл мурда, коронавирус Кыргызстанды каптаганда, биздин медицинанын күчү сыналган. Пандемиянын кесепети келечек үчүн көп сабак берди. Андан бери 5 жыл өттү, Кыргызстан өнүгүүгө карай багыт алып, бардык тармактарда өзгөрүүлөр болууда. Медицина да четте калган жок. Көп нерсе акырындап оңолуп, жаңыртылып келе жатат.

Мамлекет саламаттыкты сактоого өзгөчө көңүл буруп жатат. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаты дагы жылдан-жылга көбөйүүдө. Мисалы:

  • 2021-жылы 26, 3 млрд сом;
  • 2024-жылы 42 млрд сом;
  • 2025-жылы 49,6 млрд сом.

Бул жөн эле сандар эмес, ар бир кыргызстандык өз өлкөсүндө жакшы, сапаттуу медициналык жардам алышы керек деген максат.

Быйыл 32 жаңы медициналык имарат курулуп жатат:

  • Бишкекте – 5;
  • Ош облусунда – 6;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ысык-Көлдө – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 9;
  • Нарын облусунда — 2;
  • Баткен облусунда — 1″, — деп жазды ал.

295