7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 53 бейтаптан COVID-19 аныкталып, үч жаран каза болду

526

Кыргызстанда 21-ноябрга карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 6 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 73 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 474 бейтап, амбулатордук түрдө 661 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 833 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 723 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

527