Мэрия Свердловдогу сасык жыт боюнча маалымат таратты. Бул тууралуу мэриянын социалдык түйүндөрүндө жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыт «Газпромдон» чыккан эмес.
«Урматтуу шаардыктар! Бир катар ЖМКларда жана социалдык түйүндөрдө борбор калаанын Свердлов районунун аймагында ачуу жыт болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Тургундардын бардык кайрылуулары, жерине адистештирилген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн баруусу менен иштелип жатат. Белгилей кетели, «Газпром» ААКу тарабынан текшерүү жаратылыш газынын жайылышы орун албагандыгын көрсөттү, бирок тургундардын кайрылуулары уланып жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын кызматтары, мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте ачуу жыттын келип чыгуу себептерин аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул абал жергиликтүү калкка эч кандай коркунуч туудурбайт жана абал тиешелүү органдардын ыкчам көзөмөлүндө. Шаар тургундары жана меймандарынан кабатыр болбоону өтүнөбүз», — деп жазылат маалыматта.