7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадан мыйзамсыз 1000 кг момпосуй алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

1015

Чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган аткезчилердин ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Лейлек районуна караштуу Маргун-Арка автоунаа жолунда кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын 1991-жылы туулган Р.С. аттуу жарандын башкаруусунда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Бирок айдоочу чек ара кызматынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей чоң ылдамдыкта аскер кызматкерлеринин жанынан айдап өтүп кеткен.
Ал эми чек ара кызматы асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, аргасыздан автоунааны токтотуу үчүн дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда 1000 кг ашуун конфеттер аныкталып, айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргызстандан Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң, кармалган айдоочу жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1016