Бүгүн, 6-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым аймактарда туман түшөт.
Шейшембиде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +6…+11, Талас аймагында +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл өрөөнүндө +1…+6 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -6…-11 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +9…+11, Ош калаасында +7…+9 градуска чейин көтөрүлөт.



