7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө баалар 3,2%га өстү. ЕАЭБ өлкөлөрүндө абал кандай?

711

2023-жылдын март айында Арменияны кошпогондо, бардык ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтердин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономиканын калк керектөөчү секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстан менен Кыргызстанда байкалды.  Маалымат өткөн жылдын декабры менен быйылкы март айына карап берилген.

Ал эми февраль менен салыштырганда ЕАЭБдин Армениядан башка бардык өлкөлөрүндө керектөөчү баа менен тарифтер жогорулаган. Кыргызстандагы кымбаттоо 0,2 пайызга өскөнү байкалып, ал алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы көтөрүлгөнүнө негизделген.

ЕАЭБ мамлекеттеринде мартта (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) кызмат көрсөтүү жана товарлар тобундагы керектөөчү сектордун инфляциясынын деңгээли:

Март
ү.ж. февралына

карата
Март
мурунку жылдын декабрына карата
Марттагы орточо айлык өсүү темпи (төмөндөшү)
2022 2023 2022 2023 2022 2023
Армения 1,8 -0,7 3,5 0,8 1,2 0,3
Беларусь 6,1 0,6 9,4                    2,6 2,2 0,9
Казакстан 3,7 0,9 5,2 3,2 1,7 1,1
Кыргызстан 3,2 0,2 5,0 3,2 1,6 1,1
Россия 7,6 0,4 10,0 1,7 3,2 0,6
Бул аралыкта Казакстанда азык-түлүк көбүрөөк кымбаттаган (2,5 пайыз), ал эми эң жогорку өсүү Беларуста кызмат көрсөтүү тармагында (4,1 пайыз) болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712