7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө бир сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

460

Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин 8-кичирайонунда батирдин 20 чарчы метр ашкана бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры жана 1 терезеси күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 120-чакырымында Hyundai Avante үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

461