7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө электрондук тамекиге толугу менен тыюу салуу сунушталууда

533

Депутат Шаирбек Ташиев электрондук тамеки чегүүгө толугу менен тыюу салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп жаш жарандардын ден соолугун жана бакубатчылыгын камсыздоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашынын жана терс өнөкөткө көнүүнүн алдын алуу үчүн аларды электрондук сигареттерди колдонуудан коргоо саналат.

Эгер бул демилге колдоо тапса баш ийбегендерге төмөнкүдөй айып сайлынат:
  • Электрондук тамекилерди колдонуу – жеке жактарга 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
  • Электрондук тамекилерди сатуу — жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
  • Электрондук тамекилерди ташып келүү — 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
534